Мындай маалыматты бүгүн ЖК депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаков айтып кетти. Анын сөзү боюнча учурда мамлекет тарабынан убада кылынган күйүүчү май, үрөн, техникалык жактан жардам жетиштүү берилбей жатат. “Айылга жеткиче баалар да көтөрүлүп кетип жатат, биз болсо бул жерде отуруп алып, 18 сомдон беребиз, деп убада бергенбиз,” дейт депутат. Ал ошондой эле тамеки, кызылча, пахта сыяктуу техникалык өсүмдүктөрдү сатуудан түшкөн киреше аларды өстүрүүгө кеткен чыгашаны жаппай калып жаткандыгын да кошумчалады. Анын айтуусунда кызылчанын баасын 2 сомдон алат, деген өкмөттүн чечимине дыйкандар өтө эле нааразы.(ZKo)