Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Каракол шаар соту бүгүн Эмилбек Каптагаевдин ишин карайт


Каракол шаардык соту бүгүн, 9-апрелде Ысык-Көл обулусунун мурдагы губернатору Эмилбек Анапияев жана анын орун басары Эмил Каптагаевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишин карайт. Бул эки мурдагы жетекчиге 2002-жылы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген айып коюлуп, бирок ал иш 2004-жылы токтотулган. “Кумтөрдүн” алдындагы Өнүктүрүү корундагы каражатты максатсыз пайдаланышкан деп айыпталып жаткандар үстүнөн кылмыш иши кайрадан 2008-жылы козголуп, соттук териштирүүлөр 4 айдан бери созулуп келет. “Уулу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаевдин жактоочусу Мукар Чолпонбаевдин айтымында, Каптагаевге кылмыш иши кайрадан саясий негиз менен козголуп жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG