Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Социал-демократтар бюджет кризисинен чыгуу жолдорун сунуштайт


Парламенттеги социал-демократтар фракциясы тараткан бүгүнкү билдирүүдө өлкөнүн бүгүнкү каржылык системасы абдан кейиштүү абалда экедиги айтылат. Анда 2008-жыл үчүн каралган бюджетте 1 млрд. 160 млн. сомго айырма чыгып, Кыргызстан башта кирешеден үмүт кылган 5,5 миллиард сом каражаттан кур калышы мүмкүн экендиги белгиленген. Социал-демократтардын серебине караганда, ички булактар бюджетти жана туруктуу чыгалашаларды жаба албагандыктан бажы төлөмдөрү менен салык эсебинен түшкөн каражаттар өлкөдө кескин төмөндөп барат. Мындай шартта чоң көлөмдө карыз албаса, Кыргызстан үчүн азыркы абалдан чыгыш кыйынга туруп калчудай. “Өкмөттүн туура эмес экономикалык багыты жана натыйжасыз кадрдык саясат өлкөнү каржы кризисне кептеди,” – деп жазылат билдирүүдө.

Бул абалдан чыгуу үчүн фракция өкмөткө мамлекеттик чыгашаларды кыскартуу сунушун айтат. Бул үчүн башкаруу сересиндеги ашыкча кызматтарды, аппараттардын штатын кескин кыскартуу зарыл. Мындан тышкары жаңы министрлик, комиттерди түзүү демилгелеринен баш тартуу зарыл. Ошондой эле кадрдык саясатка өзгөчө көңүл буруп, бийликке чынчыл, кесипкөй адамдардын тартылышын камсыздоо керек. Коррупцияны жою үчүн ачык финансылык системаны түптөө зарыл. Бул үчүн аталган фракция жакында “Чечимдерди кабыл алуудагы ачыктык тууралуу” мыйзам долбооруна демилгечилик кылмакчы.(EK)

XS
SM
MD
LG