Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Табылды Орозалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча курултайда каралуучу маселелер арбын. Анда партиянын бир жарым жыл ичинде жасаган иши тууралуу отчет угулат, Уставга өзгөртүүлөр киргизилет. Мындан тышкары президенттин Жаңы өнүгүү багыты талкууга алынат. Табылды Орозалиевдин айтуусунда “Ак жол” партиясы президенттикке талапкер катары азыркы президент Курманбек Бакиевди көрсөтүүнү көздөөдө.
Буга чейин “Ак жол” партиясы курултайын 11-апрелде өткөрөрү айтылган эле.(ZKo)
Буга чейин “Ак жол” партиясы курултайын 11-апрелде өткөрөрү айтылган эле.(ZKo)