Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

АКШнын аскерий кемеси Сомалиге барды


Мунун алдында Сомалинин сууларынан деңиз каракчылар америкалык жүк тарткан кемени басып алышкан эле. Кеменин экипажы кайра кырдаалды өз көзөмөлүнө алууга жетишкен, бирок кайыктар менен качкан каракчылар кеменин капитанынын өзүлөрү менен кошо ала кетүүгө үлгүрүшкөн. Капитан азыр алардын колунда, туткунда турат. Эми Сомалинин жээгине АКШнын “Бэйнбридж” деп аталган согуштук кемеси жеткен соң, каракчылар менен сүйлөшүү жүргүзүлөр-жүргүзүлбөшү азырынча белгисиз. АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон дүйнө өлкөлөрүн Сомалидеги каракчылык “балакетин” токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG