Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Кадамжайда Сурьма комбинатынын жамааты социалдык имараттарды менчиктештирүүгө каршы митинг өткөрдү


Мындай маалыматты нараазылык акциясын уюштуруу комитетинин төрагасы Владимир Лукьянов 9-апрелде «Азаттыка» билдирди. Анын айтымында, нааразылык акциясына 300дөй адам катышып, менчиктештирүүгө каршы пикирлерин айтышты. 2005-жылы Кадамжай сурьма комбинатынын акциялары казакстандык ишкерлерге сатылган мезгилде мейманкана, маданият үйү, эс алуу жайы, стадион жана спорт залы мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин эсебинде калган. Бирок бул объектилер акыркы жылдары комбинат жамаатынын профсоюз уюмунун эсебинен каржыланып, иштетилип турган. Азыр бул мүлктөрдү менчиктештирүү аракетине комбинаттын жамааты нааразы экендиктерин билдирүү үчүн митингке чыгышкан. Митинг соңунда Кыргыз Республикасынын Президентине жардам сурап кайрылуу жолдонгон. Кадамжай сурьма комбинатынын профсоюз уюмунда жапысынан 1300 мүчө бар. (JsA)

XS
SM
MD
LG