Бүгүн “Ак шумкар” партиясынын саясий кеңеши жыйын куруп, өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулады. Мындан тышкары анда 23-июлда өтүшү күтүлүп жаткан президенттик шайлоого партия атынан кимди көрсөтүү керек суроосу көтөрүлдү. Жыйын соңунда президенттикке өз талапкерин тандоо үчүн аталган партия кезексиз курултай чакырууну чечти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы бүгүн билдирди. (EK)