Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Кочкор Атадагы пансиондо карыялар каршылык акцияларына чыгат


Кароосуз карыялар 1-майдан 30-майга дейре күнүнө эки сааттан пансиондо нааразылык иш-чарасын өткөрүшмөкчү Алардын мындай чечимге баруусуна Ноокен райондук жана шаар бийликтеринин пансионду тартып алууга жасаган аракеттери себеп болду. Бул тууралуу бүгүн жатак үйдүн деректири Жусупжан Ажыбаев билдирди. Анын айтымында район акими шаар бийлигине пансионду Кочкор-Атанын карамагына алуу көрсөтмөсүн берген. "Пансионду карыларга калтыруу өтүнүчү менен президентке кайрылуу жиберилди. Бир канча жылдан бери жатак үйдө басалбаган үч адам жашайт. Багар-көрөрүнөн ажыраган шаардагы 36 карыя бир маал тамак ичип кетет",-деп билдирди ал. Район акими Турдумамат Сагындыковдун жообу боюнча шаар башчысына көрсөтмө эмес сунуш берилген жана пансиондогу мүмкүнчүлүгү чектелген 2-3 киши Сузактагы карылар үйүнө барууга тийиш. (YA)

XS
SM
MD
LG