Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

К. Исабеков: Каржы полициясы Бериянын структурасына айланып баратат

Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин төрагасы Кубанычбек Исабеков парламент сессиясында Ысык-Көл облустук жетекчилиги жана тургундары менен жолугушууга таянып жасады. Депутаттын айтымында Каржы полициясынын ыксыз текшерүүлөрүнө мектеп директорлору, айыл өкмөт башчылары нааразылык билдиришүүдө. Депутат мындай негизсиз аракеттердин бири катары Жети-Өгүз районунун мурдагы акими З. Турдукеевдин негизсиз камалып, кайра кылмышы жок деп бошогондугу, ал аралыкта ишинен ажырап, беделине доо кеткенин билдирди. Вице-спикердин мындай дооматына дароо жооп кайтарган Каржы полициясы мыйзам чегинде иштеп атканын, мамлекетке 1 млрд. сомдон ашык чыгымды кайтарганын белгиледи. (BuS)
XS
SM
MD
LG