Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Тбилисинин көчөлөрүндө жүздөгөн демонстранттар кала беришүүдө


Бейшемби күнү Михаил Саакашавилинин президенттиктен кетүүсүн жана кезексиз шайлоо өткөрүүнү талап кылып, Грузия парламентинин алдына 60 миңден ашуун эл чогулган. Оппозициячыл партиялардын лидерлери президент Михаил Саакашвилини 2003-жылы убада кылган реформаларды жүзөгө ашырган жок жана бийликти өз колуна топтоду деп айыптап, ал кызматтан кетмейинче демонстрация токтотулбайт деп эскертүүдө. Саакашвилини демонстранттар ошондой эле орус-грузин согушу үчүн айыптоодо. Грузиянын Ички иштер министрлиги демонстранттар парламенттин сыртында каалашынча тура беришсин деп билдирди.

XS
SM
MD
LG