Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Укук коргоочулар УКМК жетекчисин кызматтан кетирүү талабын коюшту


Бир катар укук коргоочулар өлкө башчысы Курманбек Бакиевге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталиновду кызматтан кетирүү талабы менен кайрылышты. Бул тууралуу “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова билдирди. Маалыматка караганда, мындан эки күн мурда улуттук коопсуздук кызматынын түштүк аймагындагы үч кызматкери Ноокатта Назим Туракуловдун үйүн тинтүүгө алышып, Хизб-ут-Тахрир диний уюмунун баракчаларын тымызын таштап кетүүгө аракет кылышкан. Коопсуздук кызматынын кызматкери Саламат Сатаров негизсиз себеп менен К. Туракуловдун ата-энесине тапанча такап, ок чыгарган. “Ноокат, Кара-суу районунда коопсуздук кызматкерлери өздөрү тукурук кылышып, айрым атуулдардын үйүнө Хизб-ут-Тахрир диний уюмунун баракчаларын тымызын таштап кетип, аларды террорчу катары айыпташууда. Коопсуздук кызматкерлеринин мындай чагымчыл иштери жана Ноокатта тапанчадан ок чыгарышкандыгы үчүн алардын жетекчиси М.Суталинов токтоосуз кызматынан кетиши керек”,-дейт Азиза Абдырасулова. УКМК басма сөз кызматы бул боюнча маалыматтары жоктугун “Азаттыкка” билдиришти.(AJ)

XS
SM
MD
LG