Аталган агенттиктин басма сөз кызматынын бүгүнкү маалыматына караганда Маң заттарын көзөмөлдөө агенттигинин түштүк аймагынын башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Т.Балкабашы-Кайрагач автожолунда 27 жаштагы атуулдун автунаасын текшергенде, анын унаасынан 800 грамм ооган героини, 600 гр. ашуун чарс табылган. Көмүскө сатыкта героиндин дүң баасы 300 миң сом, өлчөм менен сатылганда 1,5 млн. сомго бааланат. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. (AJ)