Бүгүн Туризм агенттиги менен Нарындагы Борбор Азия университетинин өкүлдөрү аймактагы экотуризмди өнүктүрүү, бул тармактагы кадрлардын билимин жогорулатуу жаатта кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшат. Аталган окуу жайдын кесиптик жана үзгүлтүксүз билим мектеби Нарындагы туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар багыттары сунуштап жатат. Ага ылайык, Ысык-Көлдөн туристтерди Нарынга тартуу, чет өлкөлүктөрдү кызыктыра турган жаңы буюм-тайымдарды иштеп чыгуу, жаңы турмаршруттарды түзүү каралууда. Туризм агенттигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, Борбор Азия университетинин кадрлары туристтерди тейлөө боюнча буга чейин атайын окутуудан өтүшкөн. 30-апрелде Нарын аймагында туризмди өнүктүрүүгө арналган жыйын да уюштурулмакчы. (EBM)