Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:29

«Ата Мекендин» Жалал-Абат облустук бөлүмү өлкө калкына кайрылуу жасады


Президенттик шайлоо бурмаланат деп эсептеген уюм өлкө калкын шайлоодо добуштарын уурдатпай, коргоп калууну эскертти. Өз укуктарын талашып, келечеги менен тагдырын туура тандоого чакырды. Кайрылууда айтылгандай, адам укугун бузуу, сөз эркиндигин чектөө болууда. Ага оппозициянын бир нече өкүлдөрүнө козголгон кылмыш иштери, депутат Р. Шаботоев менен депутат Жээнбековдун уулунун жоголушу далил. Үй-бүлөлүк бийлик эл кызыкчылыгын ойлобой, ар кандай жол менен өз бийлигин сактоого аракеттенүүдө, деген кайрылууда ыңкылаптагы үмүттөр акталбай, өлкө башка түзүлүшкө айланганы айтылат. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н. Ашымов шайлоо баштала электе ага баа берүү туура эмес экендигин билдирди. Облбийликтин өкүлү кайрылуу менен тааныш эмес экендигин билдирип, оппозиционерлердин ишине бийликтин тиешеси жок экендигин маалымдады. (YA)

XS
SM
MD
LG