Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:26

Садыркуловдун каза болгондугу жөнүндө расмий аза-баян жарыяланды


Аза-баянда президенттин администрациясынын мурунку жетекчиси Медет Садыркулов күтүлбөгөн кырсыктан көз жумганы айтылат. Жогорку мамлекеттик кызматты аркалаган кезде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, мамлекеттик кызматка устат кадрларды даярдоо ишине зор салым кошкону баса белгиленген. М. Садыркуловдун мекенге, элге сиңирген эмгегин Кыргызстандын жетекчилиги жогору баалаганы кошумчаланган. Аза-баянга президент К. Бакиев баштаган мамлекеттик расмий адамдар кол коюшкан. Садыркуловдун сөөгү 12 апрелде Байтик айлындагы бейитке коюлат.

М. Садыркулов 1953-жылы 13-декабрда Кеминдеги Ильич айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университеттин тарых факультетин аяктаган соң, 1977 – 1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда сабак берген.

1991-жылдан мамлекеттик кызматка кирип, президенттин аппаратында иштеген.
1995-жылы Бишкектин Биринчи Май районунун акими, 1997 - 1999-жылдары каржы министринин орунбасары – мамлекеттик салык инспекциясынын директорунун милдетин аткарган. 1999-жылы кайрадан президенттик администрациянын жетекчисинин кызматына чакырылган. 1999 – 2000-жылдары Эсеп палатасын жетектеп, 2000 – 2005-жылдары өлкөнүн Ирандагы элчиси болуп иштеген.

2006-жылы Медет Садыркулов президентинин администрация башчысынын биринчи орунбасары болгон. 2007-жылы өкмөттүн аппаратын жетектеп, апрелден тарта 2009-жылдын январына чейин өлкө башчынын администрациясынын жетекчисинин милдетин өтөгөн.
(EBM)

XS
SM
MD
LG