Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

К. Бакиевдин Б.Обама менен жолугушуусу тууралуу маалымат төгүндөлдү


Өлкө башчысы Курманбек Бакиевтин апрель айындагы иш графигине АКШ президенти Барак Обама менен жолугушуусу жана Астанага сапары киргизилген эмес. Бул тууралу “Азаттыкка” Президент басма соз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумамбетов 11-апрелде маалым кылды.
Белгилеп кетсек буга чейин Орусиянын “РБК Daily” басылмасы АКШ президенти Барак Обама Астанада Казакстан жана Кыргызстан өлкө башчылары менен жолугушууларды өткөрүүсү плнадаштырылууда деп жазып чыккан болчу. Орус басылмасы ошондой эле жолугушуунун ой-максаттарын да белгилеген. Ага ылайык Обама Назарбаев менен Казакстандын аймагында ишке ашчу Эл аралык өзөктүк отун банк долбоору, Бакиев менен АКШнын “Манас” авиабазасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү жазылган. (SA)

XS
SM
MD
LG