Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Медет Садыркуловдун сөөгү бүгүн Байтик айылынын жанындагы көрүстөнгө коюлду


Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун сөөгү жалаң гана мусулманчылык ырым-жырымдар менен коюлду. Эч кандай расмий иш чаралар өткөрүлгөн жок. Сөөк коюуга премьер-министр И. Чудинов, президенттик администрация башчысы Д. Үcөнов жана мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу баш болгон расмий кызмат өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана саясий партиялардын өкүлдөрү катышты. 2009-жылдын 13-мартында Бишкек шаарынын четинде жол-унаа кырсыгынан үч адамдын өмүрү кыйылган эле. 10-апрелде жарыяланган ДНК экспертизасынын жыйынтыгы каза тапкандардын бири Садыркулов М.Ч. экенин тастыктаган. (KCh)

XS
SM
MD
LG