Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Кишиневдо оппозициянын нааразылык акциясы өтүп жатат


Чогулгандар парламенттик шалйоонун жыйынтыктары бурмаланды деген нааразылыгын билдиришүүдө. Өкмөт үйүнүн жанына топтолгон демонстранттар антикоммунисттик ураанарды чакырышууда. Кабарларга караганда, бүгүн улуурак адамдар көбүрөөк келишкен. Оппозициядагы Либерал-демократиялык партиянын лидери Влад Филат буга чейинки нааразылык акицялары учурунда камалган жаш демонстранттар полиция тарабынан токмоктолгон деген божомолун айтып чыкты.

Молдовада өткөн жекшембиде болгон парламенттик шалйоону президент Владимир Ворониндин Коммунисттик партиясы жеңгени жарыяланган. Бул аралыкта өлкөнүн Конституциялык Соту шайлоонун жыйынтыктарын кайра санап чыгууну буйрук кылды.

XS
SM
MD
LG