Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Бангкокто наарызылык акциясына чыккандарды коопсуздук күчтөрү кууп таратты


Кабарларга караганда, Таиланддын ордо калаасындагы полиция менен кагылышуудан көптөгөн демонстранттар жаракат алган. Жекшемби күнү (12-апрелде) миңдеген демонстранттар Ички иштер министрлигинин имаратын басып алышкан, анын алдында Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери бирикмесинин саммитин үзгүлтүккө учураткан. Көп өтпөй өкмөт башчы Абхисит Ветчачив Бангкокто чукул кырдаал абалын киргизген. Демонстранттар 2006-жылы аскердик төңкөрүштөн кийин өлкөдөн куулган мурдагы премьер-министр Таксин Шинаватраны колдошуп, азыркы өкмөт башчынын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG