Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Бүгүн Исмаил Исаковдун соту уланат


Өткөн жума күнгө белгиленген сот иши айыпталуучунун адвокаты сотко келбей калганы үчүн дүйшөмбүгө жылдырылган. Бүгүн Исаковдун адвокатынын сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу арызы каралышы күтүлүүдө. Ишти Бишкек аскердик гарнизондук соту карап жатат. Исаков өзү жана оппозициялык БЭК бул ишти саясий куугунтук деп баалап келишет. Анткени мурдагы коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаков өткөн жылдын аягында азыркы бийликтин башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, кызматтан кеткен. Көп өтпөй “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын жетекчиси Исмаил Исаковго коргоо министри болуп турган учурда кызматына шалаакы мамиле жасаган, деген айып менен кылмыш иши козголуп, сотко ашырылган.
Алайдагы “Исаковду коргоо комитети” болсо саясий куугунтукту токтотуу талабынын мөөнөтү 25-апрелге чейин узартышкандыгын “Азаттыкка” кабарлашты. Аталган комитет Исаковду саясий куугунтуктоо токтотулбаса, борбор калаага карай жөө жүрүш акциясын баштай тургандыгын билдиришкен эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG