Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Аликбек Жекшенкуловду бошотуу боюнча кол топтоо акциясы бүгүн уланууда


Экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кол топтоо акциясы 11-апрелде башталгандыгын “Ата мекен” партиясы жарыялаган. Партиянын кеңсесинен алынган маалыматка караганда дүйшөмбүгө карата 400 чамалаш кол топтолду. Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча мыйзам жол берген чаралардын бардыгын көрүп жатабыз деп билдирди адвокат Асел Аргынбаева. ИИМ экс-министрди Сыйлыкка алынган тапанчасынан 2007-жылы түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген негиз менен 9-мартта камакка алган. 7-апрелде Биринчи май райондук соту камакты дагы бир айга узартты. Учурда адвокат Нина Зотова райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен Бишкек шаардык сотко кайрылып жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG