Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Укук коргоочулар Майлуу-Суудагы мектеп чатакты талкуулайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Балдар укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Анын айтымында, эртең Балдардын укугун жана эркиндигин короо боюнча коомдук кеңеш бул маселе боюнча шашылыш жыйынга чогулат. Жыйында ошондой эле кароосуз калган балдарды үй-бүлөлөрдө багуу маселесин чечүүдө жеригиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрү да талкууланмакчы. Жакында эле Майлуу-Суу шаарында №5мектептин мугалими окуучуну уруп жаткандыгы тууралуу видео тарап, Билим министрлиги бул жаңжалды териштирүү үчүн атайын комиссия түзгөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG