Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Бакыт Бешимовдун апасы Адалат Козуева өзү “Азаттыкка” маалымады. Анын айтымында, Ош шаардык эмгек жана согуш ардагерлер кеңеши коомдук уюм болгондуктан анын ишмердүүлүгүнө бийликтин кийлигишүүгө акысы жок болчу. Ошого карабай мэриянын өкүлү Курманбай Ташыбаев өзүнө чакырып, «Эже, билип турасыз, уулуңуз оппозиционер экен, кеңештин жумушуна аралашпай эле коюңуз» дегенден кийин, уюмдун президиуму шашылыш чогулуп, Адалат Козуеваны кеңештин төрагасынын орун басарлык милдетинен бошотту. Бул кызматка бир жыл мурун шайланган эмгек ардагери муну саясий куугунтук катары эсептөөдө. Ал эми жергиликтүү бийлик Адалат Козуеванын кызматтан четтетилишинде саясат жоктугун айтууда. (ATo)