Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Обама деңиз каракчыларына каршы күч колдонууга макулдугун бергени тастыкталды


Вашингтондогу ырасмий билдирүүлөргө караганда, президент Обама АКШ деңиз күчтөрү жетекчилигине, «эгер зарыл болсо барымтадагыларды бошотуу үчүн деңиз каракчыларына карата күч колдонууга» макулдугун берген. АКШ деңиз күчтөрү борбордук башкармалыгынынын жетекчиси, вице-адмирал Уиллиям Гортни билдиргендей, жекшемби күнү АКШга таандык жүк ташуучу кеменин капитанын барымтадан бошотуу үчүн күч колдонулуп, деңиз күчтөрүнүн көзгө атарлары үч каракчыны жок кылышты. Натыйжада барымтадагы АКШ атуулу Ричард Филлипс аман-эсен бошотулуп, төрт каракчы камакка алынды. Айта кетсек, 8-апрелде сомалилик деңиз каракчылары Инд океанында америкалык жүк ташуучу кемени барымтага алган. Көп өтпөй кеменин экипажы качууга үлгүрүп, бирок капитаны Ричард Филлипс каракчылардын туткунунда калганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG