Ага парламенттик шайлоодон кийин Молдованын борбору Кишиневдо пайда болгон миңдеген кишилердин нааразылык жыйындары себеп болду. Мындай чечимди Конституциялык Сот мөөнөтү бүтүп бараткан президент Владимир Ворониндин сунушу боюнча жекшемби күнү кабыл алды. Оппозиция болсо 5-апрелдеги шайлоонун жыйынтыктары өтө эле бурмаланганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Конституциялык Сот шайлоо жыйынтыктарын кайра санап чыгуу үчүн бийликтерге 9 күн берди. Ырасмий жыйынтык боюнча, президент Воронин башында турган Коммунисттер партиясы дээрлик 50 пайыз топтоп, парламенттеги 101 орундун алтымышына ээ болгон эле.