Бүгүн Таиланддын улуттук сыналгы каналы аркылуу сүйлөгөн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башчысы, генерал Соңкитти Жаггабатаранын (Сонгкити Чакабакр) айтымында, аскерлер Бангкок көчөлөрүн көзөмөлгө ала башташты жана жакын арада баш аламандыктар токтотулушу үчүн бардык чаралар көрүлөт. Бүгүн Бангкок көчөлөрүндө нааразычылык уюштургандар коомдук унаа каражаттарын өрттөп, көчөлөргө от коюшту. Аскерлер эскертүү иретинде асманга ок атып, көздөн жаш агызчу газдын жардамы менен көпчүлүктү кууп таркатканга аракет кылышты. Митинг катышуучулары ага жооп кылып аскерлерди таш менен ургулап, күйүүчү май куйулган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Натыйжада 70тен ашуун адам жаракат алганы айтылууда. Буга чейин демонстранттар АСЕАН саммитин үзгүлтүккө учуратып, ордо калаадагы Ички иштер министрлигинин имаратын камалоого алышкан. Өлкөнүн премьер-министри Абхсит Ветчачива Бангкок шаарына өзгөчө кырдаал киргизди. Оппозициянын тарапкерлери, 2006-жылы аскердик төңкөрүштүн айынан кызматынан четтеген мурдагы премьер-министр Таксин Чинаватраны кайра алып келүүнү талап кылышууда.
АКШ, Британия, Франция сыяктуу айрым Батыш өлкөлөрү Таиланддагы дүрбөлөңдүү кырдаалга байланыштуу өз атуулдарына бул өлкөгө сапарга чыкпай койо турууну сунуштады.
АКШ, Британия, Франция сыяктуу айрым Батыш өлкөлөрү Таиланддагы дүрбөлөңдүү кырдаалга байланыштуу өз атуулдарына бул өлкөгө сапарга чыкпай койо турууну сунуштады.