Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Казакстандын коргоо министринин орун басары Кажимурат Майерманов камакка алынды

Ага кызматынан ашкере пайдаланган деген кине коюлууда. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз өкүлү Кенжебулат Бекназаровдун маалымдашынча, Майерманов 2006-жылы израилдик фирма менен түзүлгөн курал-жарак тууралуу келишимди кайрадан текшерүүдөн кийин камалды. 190 миллион долларга бааланган келишимге ылайык, израилдик фирма Казакстанга курал-жарактардын айрым түрлөрүн бермек. Бирок куралдардын 80 пайызы жараксыз деп табылып, мамлекетке 82 миллион долларга доо кеткен.
XS
SM
MD
LG