Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Жогорку Кеңеш аш-тойлорго чыгымдарды азайтууга чакырды


Калкка кайрылууда депутаттар ар бир үй-бүлөнүн башына келчү жамандык-жакшылыктарда ашыкча чыгым көп болуп жаткандыгын, бул бүгүнкү кризис маалында ар бир үй-бүлөгө олуттуу чыгым алып келип, ал өз кезегинде жамы журттун турмуш жагдайына терс таасир этерин белгилешкен. “Сөөк коюу каадаларын өткөрүүдө алыстан келгендерге гана тамак-аш даярдоону колдонгон айрым жергиликтүү коомдоштуктардын тажрыйбасын бардык жерде жайылтуу керек” деп айтылат кайрылууда. Ысырапкорчулукту болтурбоо максатын көздөгөн бул демилгени колдоого депутаттар жергиликтүү бийликти, диний уюмдарды жана маалымат каражаттарын чакырган. Кайрылуу Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги отурумунда кабыл алынган. (BuS)

XS
SM
MD
LG