Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

“Телеберүү, радиоуктуруулар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр коомдук угууда талкууланды


Талкуунун өзөгүн тилдерди пайдалануунун эрежесин камтыган 8-берене түздү. Жаңы долбоордо мамлекеттик тилдеги теле берүүлөр менен радио уктурууларды 20%дан кем кылбай, акырындык менен аны 50%га жеткирүү сунушталган. Буга каршы чыккан тарап мамлекеттик тилде берүүлөрдү мурдагыдай эле 50% бойдон калтырууну туура көрүштү. Маселен, депутат Ибрагим Жунусов тилди пайдалануу мехзанизмин эски бойдон калтырып, кыргыз тилиндеги берүүлөрдүн эсебин акырындык менен 70% ке чейин жеткирүүнү сунуш кылды. Муну депутат коңшу Өзбекстандын тажрыйбасы менен салыштырды. Талкуу Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият комитетинин демилгеси менен, Жогорку Кеңеште өттү. Мыйзамга өзгөртүү, түзөтүүлөрдү Жогорку Кеңештеги депуттык топ иштеп чыккан.
Былтыр кабыл алынган “Телеберүү, радиоуктуруулар жөнүндөгү” мыйзам медиа эксперттердин катуу сынына кабылган. Биринчи кезекте сөз эркиндиги чектелгендиги, мыйзам электрондук маалымат каражаттарын, радиоуктуруулар менен телекөрсөтүүлөрдү алсыздандырары белгиленген. Аталган мыйзам укуктук, экономикалык, техникалык жактан телеркөрсөтүүлөр менен радиоуктурууларга кепил болуп бере албайт деп эсептелген. Жаңы долбоор эми комитеттердин кароосуна сунушталары күтүлүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG