Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Пакистан президенти Сват өрөөнүндө шарият мыйзамын орноткон эрежеге кол койду


Сват өрөөнүндө жана анын айланасындагы аймактарда шарият мыйзамы киргизилүүсү Пакистандын курамында аталган өрөөн да турган Түндүк-Батыш чек провинциясынын бийликтери Талибандын согушкерлери менен быйыл февралда түзгөн тынчтык келишиминде каралган. Пакистандын президенти Асиф Али Зардари ошол Сват өрөөнүндө шарият мыйзамын орноткон эрежеге ушул дүйшөмбү күнү кол койду. Муну алдында Пакистандын парламенти президентти февралда түзүлгөн талаштуу келишимди бекитүүгө чакырган резолюцияны бир добуштан кабыл алган эле.

Талибдер менен Пакистандын жергиликтүү бийликтери түзгөн тынчтык келишимин адам укугун коргоочу активисттер, АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү, Улуттар уюму, пакистандыктардын айрымдары да сынга алган. Алар келишим Пакистандын түндүк-батышында Талибан жана “ал-Каиданын” адамдары үчүн башпаанектөөчү коопсуз жай жаратаарына тынчыздануу билдиришкен.

XS
SM
MD
LG