Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Жаштар парламентин түзүү демилгеси көтөрүлүүдө


Бишкектеги №65 лицейдеги окуучулардын демилгелүү тобу жакында борбор калаада жаштар форумун өткөрүүнү пландап жатканын кабарлашты. Форумда негизинен “Жаштар Кеңеши” деп аталган жаштар парламентин түзүү маселеси каралмакчы. Демилгелүү топтун өкүлү Руслан Бечелевдун айтымында, алар окуучулар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Натыйжада жаштар парламентин түзүү демилгесин көпчүлүк колдоого алган. Учурда айрым мектептердин өздөрүнүн парламенти бар, бирок алар өз-өзүнчө иштейт. Форумдун масаты алардын башын бириктирүү, окуучулардын саясий сабаттуулугун, мекенчилдик сезимин жогорулатуу, дейт топтун мүчөсү Дмитрий Ефремов. Демилге ээлеринин айтымында, оболу шаардык депутаттардан турган эксперттик топ түзүлөт жана ал жаштар парламентинин ишин көзөмөлдөп турат. “Жаштар Кеңешине” сынактан өткөн14-24 курактагылар мүчө боло алат. (EBM)

XS
SM
MD
LG