Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Иран америкалык-ирандык журналисттин ишин сотто кароодо


АКШнын теги боюнча ирандык журналисти Рохана Сабери тыңчылык кылды деп айыпталып жатат. Ал камакка быйыл январда алынган. Иран сотунун басма сөз өкүлү Алиреза Жамшидинин Тегерандагы маалымат жыйынында билдиргенине караганда, журналисттин үстүнөн сот ушул дүйшөмбү, 13-апрелде башталган жана өкүм жакын арада чыгаары күтүлүүдө.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Рохана Сабериге иран бийликтери таккан айыптарды “негизсиз” деп атаган. Бул аралыкта Ирандын реформачыл маанайдагы “Сармайех” гезитинин маалымдаганына караганда, акыркы бир жылда өлкөдө 14 журналист түрмөгө түшкөн, 34 басылманын иштөөсү үчүн берилген уруксаты жокко чыгарылган.

XS
SM
MD
LG