Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Игорь Чудинов: Өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча көз карандысыз топ иштөөдө


Премьер министр Игорь Чудиновдун бүгүн парламент комитетинде билдиргенине караганда Кыргыз өкмөтүнүн жаңы түзүмү боюнча көз карандысыз топ өз сунушун июнь айына чейин өкмөткө берет деп күтүлүүдө. Президенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөт жаңы түзүм менен ишке кирет деп ишендирди Чудинов депутаттарды. Президент Курманбек Бакиев мурдагы кайрылууларынын биринде кыргыз өкмөтүнүн түзүмүн жаңыртуу демилгесин көтөргөн.
Бүгүн премьер министр Конституциялык мыйзамдуулук комитетинде өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча 2008-жыл үчүн баяндама жасады. Чудиновдун баяндамасы эртең фракцияларда, бекшемби күнү жалпы сессияда каралат. (BuS)

XS
SM
MD
LG