Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Грузияда оппозиция демонстрациясы алтынчы күн өтүүдө


Бүгүн да башкаала Тбилисиде, парламент имараты алдына президент Михаил Саакашвилинин кызматтан чегинүүсүн талап кылган бир нече миң адам жыйналды. Ондогондору түндү президент кеңсеси алдында тигилген чатырларда өткөрүштү.

Оппозиция жактоочулары Саакашвилини автократияга ыктоону барган сайын күчөткөнү, былтыр жайда Түштүк Оссетиянын айынан Орусия менен согушта жаңылыштык кетиргени үчүн айыптоодо. Грузин оппозициясынын азыркы демонстрациялары башталган күнү, 9-апрелде көчөгө 60 миңдей адам чыккан эле, бирок андан бери демонстранттардын саны азайды. Кабарчылардын эсебинде, парламент алдындагы бүгүнкү митингке 6 миңдей адам жыйналды. Саакашвили бүгүн азыркы нааразылык акцияларынын артында Орусия турганын ишара кылды, бирок оппозиция лидерлери мындай айыптоолорду төгүндөөөдө.

Опозиция лидерлери нааразылык акциясы Сакаашвили кызматтан чегинге чейин улантыларын убада кылышкан, чатырлардын экинчи тобу бүгүн Грузиянын коомдук телеси жайгашкан имарат алдында тигилген жатат.

XS
SM
MD
LG