Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

Иран орбитага кезектеги космос аппаратын учурууга даярданууда


Бул тууралуу Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад билдирди. Жасалма жандоочу качан учурулары азырынча белгисиз. Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Иран “Үмүт” деген алгачкы жандоочусун космоско учурганын маалымдаган. Батыш өлкөлөрү Иран космос программасын аскердик максатта өнүктүрүүдө деп тынчсызданса, расмий Тегеран космосту тынчтык максат менен изилдеп жатканын айтып, мындай айыптоолорду төгүндөп келет.

XS
SM
MD
LG