Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Бүгүн өкмөт башчы Игорь Чудинов фракциялардын алдында отчет берет


Премьер-министр отчету 2008-жылы кыргыз өкмөтү аткарган иштер тууралуу болот. Социал-демократтар фракциясы өкмөт башчыдан экономикалык кризистен өлкөнү алып чыгуу жолдорун, сомдун курсун төмөндөтпөй кармап калуу, өкмөттүн ишин жогорулатуу жана жарандардын кызыкчылыгын сактап калуу үчүн кандай иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканы тууралуу сурамакчы. Социал-демократтар фракциясы кыргыз өкмөтү экономикалык кырдаалга жооп боло турган аракеттерди эмес, тескерисинче өлкөнү ансайын кризистин сазына батыруучу иштерди жасап жатат, деген билдирүү таратты. КР өкмөт башчысы бүгүн ошондой эле Коммунисттер жана “Ак жол” фракцияларына да маалымат берери айтылган. “Ак жол” фракциясы мындан тышкары президенттик администрация башчысынын орун басары Каныбек Жороевдин, каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башчысы Юруслан Тойчубековдун жана билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаевдин катышуусунда бир катар маселелерди карашы күтүлүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG