Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Жогорку Кеңештин депутаттары Өзгөнгө жөнөп кетишет


Алар Санжарбек Кадыралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат. Бул тууралуу “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов “Ак жол” фракциясынын бүгүн эрте менен болгон жабык эшик артында өткөн жыйынынан кийин билдирди. Фракция лидери Санжар Кадыралиевдин атылыш себеби тууралуу эч кандай божомолдорду айта албасын, маркумдун дарегине буга чейин коркутуп-үркүтүүлөр болгону тууралуу кабары жок экенин билдирди. Бул окуяны тартип коргоо органдары иликтөөгө тийиш. Ал эми депутаттык комиссия тууралуу маселе Өзгөнгө барып келгенден кийин козголушу ыктымал, деди Ормонов. Санжар Кадыралиевдин тажыясы 16-апрелге белгиленди. (AiT)

XS
SM
MD
LG