Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:23

Эл аралык эмгек уюму 90-жылдыгын белгилейт


Бул датаны уюмга мүчө болгон 182 өлкө белгилейт. 21-апрелден тарта бир жума убакыт бою “Социалдык адилеттүүлүк үчүн 90 жылдык эмгек” аттуу теманын алкагында 100дөн ашык юбилейлик иш чаралар: радио-телепрограммалар, семинар, көргөзмөлөр, иш орундарынын жарманкелери, талкуулар өткөрүлөт. Эл аралык эмгек уюму 1919-жылы 28-апрелде түзүлгөн. Ошол убактан бери уюм социалдык адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG