Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Кыргызстандын авиа компаниялары “кара тизмеден” чыгууга үмүт артууда


Унаа жана байланыш министринин орун басары Абдырахман Маматалиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Эл аралык жарандык авиациянын жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнөн турган эксперттер тобу апрель айынын аягында келип, кайрадан Кыргызстандын авиакомпанияларынын ишмердүүлүгүнө баа берет. “Биз азыр текшерүүгө даяр болуп калдык. 2007-жылы аба кодексинин жаңы редакциясын кабыл алдык. Былтыр 19 авиация эржелерин кабыл алып, ишке киргиздик. Учуу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгып, аны бүттүк. Адистерди чет өлкөлөргө окуттук. Кара тизмеден чыкпай турганыбыздын себеби азыр Евробиримдиктин графигине байланыштуу болуп жатат”,-дейт министрдин орун басары.
Кыргызстан “кара тизмеге” 2006-жылдын аягында киргизилген. Анда аталган эксперттер Кыргызстандагы мыйзамдык база эл аралык жарандык авиациянын талаптарына жооп бербей тургандыгын, авиа компаниялардын ишиндеги учуу коопсуздугун, департамент кызматынын ишмердүүлүгүн сындаган.(AzK)

XS
SM
MD
LG