Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

БЭКтен президенттикке бирдиктүү талапкер А.Атамбаев болушу күтүлүүдө


Бул маалыматты Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров бүгүн “Азаттыкка” тастыктап, бирок маселе толук чечиле электигин белгиледи. Анын айтымында, бүгүн кечке жуук БЭКтин жыйыны болуп, анда бирдиктүү талапкерге тийиштүү шарттар коюлат. Эгерде бирдиктүү талапкер коюлган шарттарды өз программасына кабыл алса, анда жол ачылат. “Биз 2005-жылдагы катачылыктарга жол бербеш үчүн колдой турган талапкерге алдын ала тийиштүү шарттарды коюп жатабыз”,- деп белгиледи Азимбек Бекназаров. Эгерде бирдиктүү талапкер көрсөтүү ишке ашпай калса, анда оппозиция президенттик шайлоого бирдиктүү фронт менен чыгат.(AiT)

XS
SM
MD
LG