50 чакты аял жаңы мыйзам алардын аброюна шек келтиргени айтылган декларация кабыл алышты. Бирок экинчи демонстрациянын жүздөгөн катышуучулары аларды таш бараңга алды. Тартип коргоочу айымдар ортого түштү. Мыйзамдын долбоорун президент Карзай кайра карап чыгууга жиберген.