Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Вашингтондо Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча координатору Хавиер Солана менен жолугушуудан кийин билдирди. Жолугушуунун алдында Солана БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германиянын атынан Иран бийлигин бул багытта сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырган. Кечээ Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад расмий Тегеран Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр үчүн атайын план даярдаганын билдирген.