ЖК маалымат кызматынан алынган кабарга караганда бүгүн депутаттардын көпчүлүгү кесиптеши Санжар Кадыралиевдин тажиясына барышат. Парламент ишин 17-апрелде, Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча күч органдарынын маалыматын угуу менен улантат. Кечээ парламенттин Коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа комитети Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши менен биргеликте Санжар Кадыралиевдин атылышына байланыштуу маселени карады. Анда депутаттын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан күч кызматкерлерине депутаттар Алишер Сабиров жана Рашид Тагаевдин катышуусунда Санжар Кадыралиевдин депутаттык иш бөлмөсүн ачып, жеке буюмдарын кароого макулдук берилди.(ZKo)