Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:04

Кечээ кечиндеги массалык түрдө электр жарыгынын өчүү себептери иликтенүүдө


Расмий эмес маалыматтар боюнча буга кечээ аба ырайынын чукул муздап кеткенинен улам электр жылыткычтарынын кескин көп жагылышы себеп болду. Саат 21 чамасында дээрлик жалпы Бишкек боюнча өчкөн жарык бир сааттан кийин кайра күйдү. Электр жарыгы Бишкектин ТЭЦ районунда жана бир катар кичирайондордо гана өчкөн эмес. Мындан тышкары Чүйдүн Сокулук, Аламүдүн райондору да жарыксыз калышты. Учурда бул кырсыктын себептери толук иликтенип жаткандыгын КР өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдады. Аталган министрлик кырсык тууралуу журналисттерге кошумча маалымдамакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG