Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

“Келечектин парламенти” сынагынын жеңүүчүлөрүнө дипломдор ыйгарылды


Кыргызстандын ЖОЖдорунун студенттери арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүнө дипрломдорду Кыргыз парламентинин төрагасынын орун басары Чолпон Баекова жана Шериктеш өлкөлөрдүн Парламенттер аралык жамаатташтыгынын Баш катчысы Михаил Кротов ыйгарышты. Шериктеш өлкөлөрдүн Парламенттер аралык жамаатташтыгы уюштурган бул сынактан жеңип чыккан 19 студент 8- 14-апрель күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарына чакырылган болчу. Аталган сынак студент жаштар арасында лидерлик сапатты өркүндөтүү жана демокротияны өнүктүрүүдө тажрыйба алмаша билүүнү үйрөтүү максатын көздөгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. (ES)

XS
SM
MD
LG