Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Эртең Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк Гемофилия күнү белгиленет


17-апрелде Республикалык кан борбору “Кыргызстанда Гемофилия оорусуна чалдыккан оорулуулар” коомдук уюуму менен биргеликте, Дүйнөлүк Гемофилия күнүнүн 20 жылдыгына карата бир нече иш чараларды уюштурушмакчы. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлоодо. Негизинен иш-чаралар медицина кызматнын өкүлдөрүнө жана коомчулукка бул дарт тууралуу маалымат берүүгө багытталган. Гемофилия –кандын уюшун пайда кылган факторлордун жоктугу менен аныкталат. Аталган илдет чанда кездешкен тубаса дарт болуп эсептелип, мындай ооруга эркектер гана чалдыгышат. Башкача атйканда, орто эсеп менен 10 миң адамдын бирөө бул ооруга чалдыгат. Кыргызстанда Гемофилия менен үч жүзгө жакын адам катталган, алардын кырк пайызы 16 жашка чейинки балдар. (ES)

XS
SM
MD
LG