Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Индияда парламенттик шайлоодогу добуш берүү башталды


Өлкөдө добуш берүүгө укуктуу калктын саны 700 миллиондон ашуун. Дүйнөнүн эң ири демократиясы деп эсептелген Индияда шайлоо жалпысынан бир айга чейин созулат. Добуш берүүнүн бүгүн башталган биринчи баскычында 140 миллион адам өз тандоосун жасай алат. Алардын коопсуздугун коргоо үчүн шайлоо бекеттеринде миңдеген аскер жана полиция күчтөрү жайгаштырылды. Делиден түшкөн кабарларга караганда, шайлоону бойкоттоого чакырган маоист согушкерлердин колунан бери дегенде 16 адам, анын ичинде жоокерлер менен полиция өкүлдөрү да каза тапты.

Шайлоонун башкы атаандаштары - бийликтеги Индия улуттук конгресси жана индус улутчулдарынын оппозициядагы Бхаратия Жаната партиялары. Бирок коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, парламенттин 543 орундуу төмөнкү палатасында бул эки партиянын бири да жеке өзү бийлик жүргүзгүдөй жетиштүү мандат ала албайт.

XS
SM
MD
LG