Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Орусия НАТОну Грузияда өтүүчү машыгуусун токтотууга чакырууда


НАТОнун Грузиядагы машыгуулары 6-майдан 1-июнга чейин өтөөрү кечээ жарыяланган эле жана бул альянс Москва менен былтыр августа Орусия - Грузия ортосундагы согуштан кийин бузулган мамилесин оңдоого аракеттенип жаткан учурга туш келди. Орусиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин мерчемделип жаткан машыгууларды бүгүн “чагым” деп атады. Рогозин НАТОнун башкатчысы Яаап де Хооп Схефферден Грузиядагы машыгууну токтотууну суранганын Рейтердин кабарчысына билдирди.

Ал эми орус тышкы иштер министри Сергей Лавров машыгуу аймактагы ансыз деле курч кырдаалды татаалдаштырарын белгиледи.

НАТОнун өкүлүнүн айтымында, белгиленген машыгуулар координациялоо мүнөзүндө гана болот жана оор “аскерий техника” тартылбайт.

XS
SM
MD
LG