Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

АКШ менен Орусиянын өзөктүк куралдар боюнча сүйлөшүүсү келерки аптада башталат


Бул тууралуу бүгүн Орусиянын тышкы иштер министрлиги билдирди. Сүйлөшүүлөр өзөктүк курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча мөөнөтү аяктап жаткан келишимди алмаштыруу максатын көздөйт. Президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев ушул айдын башындагы жолугушуусунда Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимин быйыл декабрда, мөөнөтү аяктаганга чейин жаңылоого жетишүүнү убада кылышкан эле. 1991-жылкы келишим АКШ менен Орусия ээлик кыла алуучу ракеталар менен өзөктүк дүрмөттөрдүн санын чектейт.

Орус тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Андрей Нестеренконун билдиргенине караганда, жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөр 24-апрелде Римде башталат жана ушул эле маселе орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун май айындагы жолугушуусунда да талкууланат.

XS
SM
MD
LG