Кечээ саат 21 ченде чукул кырдаал министрлигинин куткаруучу тобу, жергиликтүү элдин өкүлдөрү жер алдында калган 16-кишинин сөөгүн табышты. Шеит кеткендер бүгүн саат 11де жерге берилет. Кырсык болгон аймакта жүргөн кабарчыбыздын билдиргени боюнча бүгүн маркумдардын жердештери жана туугандары каза болгондорду мусулманчылык адет менен акыркы сапарга узатышмакчы. Мындан тышкары көчкү алдында калган мал-жандын сөөктөрүн да казып алуу иштери жүргүзүлөт. Бул аймактагы санитардык-эпидемиологиялык абалды курчутпоо максаты менен түшүндүрүлүүдө. Кырсык болгон жердеги казуу иштерин жүргүзүүгө коргоо министрлигинин аскерлери да тартылды.
15-апрелден 16сына оогон түнү Аксы районунун Райкомол айлында жер көчүп, үч үйдү басып калган. Натыйжада 16 адам каза тапкан, алардын тогузу жашы жетелек балдар. Мындан тышкары 6 үй зыянга учураган. Жергиликтүү тургундар тиешелүү министрликтер тарабынан ыктымалдуу жер көчкү тууралуу “Акжол” суусунун боюнда жашагандарга мурда эскертилбегендигине нааразылыгын билдиришүүдө.(ZKo)